• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экс-мэр Кулматов: Атып эле салгыла. 15 жылдан кийин мен үй бүлөмө да керегим жок болуп калат

23 Бештин айы 2019 10:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Ленин райондук сотунда экс-мэрлердин соттук отуруму өтүп жатат. Анда тараптардын жарыш сөзү уланууда жана мурунку мэр Кубанычбек Кулматов өз сөзүн сүйлөп баштады.

Экс — мэр Кубанычбек Кулматов алгач соттон өкүм качан чыгат деп кызыкты.


«Мен бул сөздү сүйлөөдөн эч кандай маани тапкан жокмун. Бирок, бул иштин жыйынтыкталып жатканына кубанып жатам. Мени эмне себептен соттоп жатасыңар. Силердин балдарыңарга, неберелериңерге мектеп куруп бергеним үчүнбү. Жер-Үй боюнча Россиядан акча келгенде мен бийлик менен кадимкидей эле согушканбыз, акча бергилечи деп. Кечиресиздер бирок «фига» көрсөтүшкөн. Ал мектептин ачылышына барганда мектеп директору ыраазычылыгын айткан. Сиз болбосоңуз мунун баары болбойт болчу», — деди Кулматов.


Мындан тышкары өз сөзүндө экс-мэр бул иштеги күбөлөр тууралуу сөз кылып, бир катарларына нааразы болду.

Биз жиликтеп берген ишти чындыгын көрбөй койгонуңарга таң калдым. Барып мурун чочкоканада олтурган балдардын жүзүндөгү жылмаюуну көрүп келгилечи.

Мени атып салгыла, себеби мен азыр 57 жаштамын а силер мага 15 жыл сурап жатасыңар. 15 жылдан кийин мен үй бүлөмө да керегим жок болуп калат.

Сөзүнүн аягында Кулматов сотко жанында олтурган айыпталуучулар менен таанышканга мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн ыраазычылык келтирди.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов “Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган” деп айыпталууда.

Количество просмотров: 17542