• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сотко Кулматовдун тарапташы анын сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип келишти

11 Бештин айы 2019 9:59 Бишкек Govori.TV

Ленин райондук сотунда бүгүн, 11-декабрда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланып жатат. Анда Кулматовдун бир нече тарапташы анын сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип келишти.

Бүгүнкү отурумда жактоочулардын жарыш сөзү угулат.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2014-жылы Кулматов 2 млн доллар өлчөмүндөгү грантты 2 мектепти курууга мыйзамсыз пайдаланган. Бул каражат TBEA тарабынан Бишкек ЖЭБди модернизациялоого берилген.

Мурунку мэрлер жана башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» ААКтын каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталып жатышат.

Количество просмотров: 109