• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Текебаев үй камагында калды

23 Бештин айы 2019 14:24 Бишкек Govori.TV

ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВ ҮЙ КАМАГЫНДА КАЛДЫ
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды.
Бүгүн соттук териштирүүгө берилген эки айлык мөөнөт аяктады. Ошого байланыштуу судья узартуу маселесин карап, соттолуучулардын баш коргоо чарасын дагы эки айга узартты. Соттук отурум 9-январга жылды.
Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.


БҮГҮН ЭКС-МЭРЛЕРГЕ ӨКҮМ ЧЫГАТ
Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов 23-декабрдагы сот отурумунда акыркы сөзүн сүйлөштү. Андан соң сот тыныгууга чыкты. Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев түштөн кийин өкүм чыгышы ыктымалдыгын айтты.
Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.
Кулматов акыркы сөзүндө бул мектептин долбооруна катышы бар экенине сыймыктанарын билдирип, «мамлекеттик айыптоо адилеттик үчүн иштебей, атайын каралоо менен гана алек болгонун» белгиледи.
Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Ибраимов да акыркы сөзүндө иштин баары куру доомат экенин билдирди жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тааныш экенине, кызматташканына сыймыктанарын айтты.
Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.
Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин айтып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып келишет.


ЭКИ МАРШРУТКА КЫГЫШЫП, 6 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ
Борбордо эки маршруттук унаа кагышып, алты киши жабыркады. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгы 22-декабрда, саат 09:40та 7-Апрель көчөсүндө болгон. Эки кичи автобус тең түндүк тарапка бараткан. Кырсыктын кесепетинен ооруканага алты киши кайрылган. Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Количество просмотров: 506