Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаардык сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун апелляциялык даттануусу каралган отурумда жаңжал чыкты. Бул тууралуу АКИpress агенттиги жазды.
Маалыматка карганада, жаңжал жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочуларга кезек берилген учурда мэрлердин тарапташтары менен сот аткаруучулардын ортосунда чыккан. Сот аткаруучулар менен нааразычылык билдирген аял кайым айтышып, андан кийин жаңжалга айланып, ага башка адамдар да катышкан.
Судья Адис Момуналиев аталган жаран процесске тоскоолдук жаратып жатканын айтып, аны залдан чыгарууну талап кылган. Аял залдан чыгарылгандан кийин отурум улантылган.