• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кулматов менен Ибраимовдун соту түштөн кийинкиге жылды

1 Жетинин айы 2019 9:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча бүгүнкүгө белгиленген отурум саат 14:00го жылды.

Буга айрым айыпталуучулардын жактоочулары келбей калганы себеп болду.

Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «мектеп курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Количество просмотров: 52