• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кулматов сотко кишенсиз алынып келинди (видео)

24 Тогуздун айы 2018 10:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.10.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 24-октябрда  Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтүн узартуу маселеси каралып жатат.
Маалыматка карганда соттук отурум сат 10:00до башталып, сотко Кулматов кишенсиз алынып келинди.

Мындан сырткары, Сот Кулматовдун баш коргоо чарасын жабык эшик артында кароону чечип, журналисттерди киргизбей койду.
Эске салсак, бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Буга байланыштуу  ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Буга чейин тергөө мөөнөтү 3 жолу узартылган.

 

Количество просмотров: 33