• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кулматовдун жарандыгы боюнча соттук алдын ала угуусу 25-сентябрда болот

24 Аяк оона 2018 19:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.09.2018. Govori.TV
25-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдунжарандыгына байланыштуу соттук иши каралат.
Улуттук коопсуздук комитети Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган деп тапкан. УКМКнын пикири боюнча, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. «1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылдары жаңылаган», — деп билдирген УКМК.
Ал эми жактоочу Сергей Слесарев Кулматовго «Орусиянын жараны болуп туруп 1990-жылдары Кыргыз жарандыгын алган» деп иш козгоо туура эмес деп пикирин айткан. «Эгер ал чын эле ушундай кылган болсо, мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен, Кулматовго тагылган берененин мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейин гана. Ал эми учурда ортодон 20 жылга жакын убакыт өтсө дагы иш мыйзамга карабай козголууда», — деген Слесарев.

Количество просмотров: 19