• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек шаарынын депутатын Кулматовдун аялын сот залына киргизбей коюшту

11 Аяк оона 2018 12:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.09.2018.Govori.TV.
Бишкек шаардык сотунда мурдакы мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу тарабынан бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартылганына карата берилген арызын кароо иши жабык эшик артында өтүп жатат. Сот залына айыпталуучунун жакындары да, жубайы да киргизилген эмес. Кулматовдун жубайы Бишкек шаарынын депутаты Наталья Кулматованы түртүп сот залына такыр жолотпой коюшкан.
“Кулматов абакка алынып келинген күндөн тарта анын жубайына жана жакындарына кездешүү уруксаатын беришпей келет. Түшүндүрмө катары кандайдыр бир өзгөчө мамиле жөнүндө айтышууда”,- деп билдиришти КСДП  партиясынын өкүлдөрү.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартууну карап, аны 28-сентябрга чейин камакта калтырган.

https://www.facebook.com/100004236677669/videos/1177714375713107/

Количество просмотров: 39