• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кулов: Конституциянын жаңы долбоору өтсө, октябрь окуяларынан дагы жаман иштер болот

20 Жетинин айы 2020 14:39 Бишкек Govori.TV


Мындай пикирин бүгүн, 20-ноябрда мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап жаткан жарандык коомдун жыйында айтты.

«Мен дагы бир нерсени баса белгилеп айтам эгер азыркы жаңы долбоор кабыл алынса кийинки жылы күзүндө быйылкынан да жаман иштер болот. Себеби азыркыдай кризис мамлекеттин тарыхында болгон эмес. Пандемия менен кошо популисттик убадалар элдин пикирин өзгөртөт. Эми бул долбоорду токтотуу керек. Ал үчүн депутаттарга кайрылуу керек. Алардын 3/2 бөлүгү каршы чыкса долбоор артка кайтарылат. Экинчиден, Садыр Жапаровго кайрылуу керек. Ал дагы элдин пикирин эсепке алуусу шарт. Баары мыйзам талаасында болсун десек, Конституциялык палата карап чыгыш керек. Мындай шашылыш кабыл алууга болбойт»,- деп белгиледи Кулов.

Белгилей кетсек, бүгүн «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аталышындагы жарандык коомдун жыйыны өттү.

Жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутаттар Исхак Масалиев, Садык Шер-Нияз, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, мурдагы премьер-министр Феликс Кулов жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Количество просмотров: 351