Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкө башчылар дүйнөгө жайылып жаткан коронавирус жөнүндө сөз кылып, өз өлкөлөрүндө бул илдетке каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алмашты.
«Лидерлер мунайдын дүйнөлүк баасын талкуулап, бул тема боюнча өлкөлөрдүн энергетика министрликтери деңгээлинде эки тараптуу консультацияларды өткөрүү тууралуу макулдашты»,-деп айтылат маалыматта.