Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.
Ысык-Көлдө кум үстүндөгү волейбол боюнча Кыргызстандын биринчилигинин чечүүчү үчүнчү туру аяктады. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан билдиришти.
Федерациядан билдиришкендей, эркектер арасында биринчи орунду «EREM-1» командасы жеңген. Экинчи орунга «Ош» командасы татыса, «EREM-2» үчүнчү болгон.
Кыз-келиндер арасындагы мелдеште «Салам-Алик-1» командасы биринчи орунду ээлеген. «Улар-1» күмүш байгелүү болсо, «Улар-2» командасы үчүнчү орунду алган.
Булак: Кабар.