• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Оторбаев кармалды

16 Аяк оона 2021 19:29 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» иши боюнча КР экс-Премьер-министри Ж.Оторбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, тергөө өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаев УКМКнын терөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайынын кармоо чечимин кабыл алган.

Тергөөдө аныкталгандай, Ж.Оторбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп турган кезде, КР Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кумтөр кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн, Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» Суу кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен, Кумтөр Голд Компанинин («Центера Голд Инк.») чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген.

Кармалган Ж.Оторбаевди ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен тергөө аракеттерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралмакчы.

Количество просмотров: 714