• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кумтөр иши: Экс-премьер-министр Оторбаевге өкүм чыкты

11 Үчтүн айы 202210:55 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 30-декабрындагы өкүмү менен Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сот Оторбаевге карата 3 миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 300 миң сом өлчөмүндө айып салды.

Эске салсак, Оторбаев 2021-жылдын сентябрь айында «Кумтөр» ишине байланыштуу камакка алынган.

УКМКнын абагына камакка алынган мурунку премьер-министр Оторбаев соттун чечими менен 20-ноябрда сыртка чыкпоо талабы менен абактан бошотулган болчу.

Количество просмотров: 2156