• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кумтөр иши: Токтогулов бир айга камакка алынды

15 Аяк оона 2022 10:21 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каржы директору Рыспек Токтогулов Бишкектеги СИЗО-1ге жайгаштырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Мындай чечимди 14-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган. Ага ылайык Рыспек Токтогулов бир айга камакта болот.

Буга чейин Кумтөрдө аныкталган каржылык мыйзам бузуулар орун алганы белгилүү болгон. Башкы прокуратура кылмыш иштерин козгоду. Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк, сатып алуулар боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы директору Рыспек Токтогулов кармалган.

Количество просмотров: 62