Аскар Акаев «Кумтөр» иши боюнча көрсөтмө берип, анын катышуусунда бардык тергөө иштери аяктаган. Бул тууралуу анын санаалашы Бекболот Талгарбеков билдиргенин «Азаттык» жазды.
Маалыматка караганда, сурак 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн.
«Аскар Акаевге кылмыш иши козголгон эмес, болгону териштирүү жүргөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө Кумтөрдөн бир тыйын жебегени жана “Центеррада” бир дагы акциясы жок экени тастыкталды. Сурак негизинен 2003-жылдагы келишим боюнча жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө «Центтерра» сатып алган үч башка кендин активи 5% жогору бааланып калганы белгилүү болду. Аскар Акаев ошону жакшылап карап койбогону үчүн элден кечирим сурады», — деп билдирген Талгарбеков.
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бул тууралуу маалымат бере элек.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев 14-декабрда «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген.