«Кумтөр» боюнча иш каралып жаткандыгына байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Женевага учуп кетти. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов билдирди.
Анын айтымында, Ташиев бүгүн жөнөп кеткен.
«Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь эртең менен учуп кетет. Кумтөр боюнча тагдыр чечээр күн келиптир», — деп жазган ал.