• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Кумтөр» ишканасында иштеген жаран бычакталды

11 Жетинин айы 2019 17:19 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, 5-ноябрда Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө облустук ооруканадан 34 жаштагы Ч.А., аттуу тургун бычактан жарадар болуп түшкөнүн маалымдашкан. Жабырлануучу өзүнө келбей, каза болуп калган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, адам өлтүрүү беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө оперативдүү иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип Каракол шаарынын 51 жаштагы тургуну Т.Т. кармалган.

Маалым болгондой, алар бир ишканада иштешчү. Жумуштан чыккандан кийин Каракол шаарына келип, спирт ичимдигин ичишкен.

Шектүүнүн айтымында, алар кайым айтыша кетип, мас абалындагы жабырлануучу анын унаасын тээп салган. Жини келген Т.Т., бир нече жолу аны бычак менен сайып жиберген. Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүүдө.

Кээ бир маалыматтарга караганда, каза болгон жаран менен шектүү «Кумтөр» ишканасында иштешчү. Шектүү тоо иштери боюнча мастер болсо, каза болгон жаран диспетчер болчу.

Количество просмотров: 78