• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кумтөр, Кемпир-Абад, Баткен… Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров маек курду

3 Үчтүн айы 2023 19:06 Бишкек Govori.TV

«Кабар» Улуттук маалымат агенттиги Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович Жапаровго бир катар суроолор менен кайрылып, маек курду.

Маекте Акылбек Жапаров “Кумтөр”, Баткен, Кемпир-Абад өңдүү маселелер тууралуу суроолорго жооп берген.

Төмөндө маекти толук сунуштайбыз:

— Акылбек Үсөнбекович, бир жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын өкмөтүн жетектеп келе жатасыз, демек кандайдыр бир жыйынтык чыгарса болот. Айтыңызчы, мактана турган нерсе барбы?

— “Мактануу” деген сөз саясатчы колдоно турган сапат эмес. Биз шайлоо учурунда эмеспиз, андыктан менин жана командамдын аздыр-көптүр жетишкендиктери бар. Атап айтканда бюджетке түшкөн каражаттардын көлөмү эселеп өстү, буга чейин болуп көрбөгөндөй куралдуу күчтөргө көңүл бурулду, айлык маяна жана пенсиялар көтөрүлдү. Бул жомок эмес, бүгүнкү күндөгү реалдуулук. Муну бизге оппонент болуп жүргөндөрдүн бири да тана албайт.

 Ооба, айлык, пенсиялар көтөрүлдү, бирок кайра эле инфляция менен кымбатчылык каптап атпайбы?

— Тилекке каршы мындай негативдүү жагдай бар. Бирок бул жалпы дүйнөдө болуп жаткан тенденция. Баалардын кескин көтөрүлүшү, инфляция процесстери тышкы факторлордун таасиринен болууда жана биз мындан эч жакка кача албайбыз. Алтургай ковид көйгөйү, анын кесепетинен келип чыккан локдаундар дүйнөнүн гигант экономикаларын солгундатып койду. Анан биздикине окшогон чакан экономикалар жөнүндө эмне айтууга болот?

— Ошондо эмне кылыш керек? Эки колду жайып жөн эле отура бериш керекпи?

— Биз жөн отурган жокпуз. Тышкы терс таасирлерди азайтуу боюнча абдан натыйжалуу иштерди жүргүздүк. Антикризистик планды өз убагында кабыл алдык. Бул биздин экономикабызга тийген соккуларды жумшартпастан, анын өсүшүн камсыз кылууга да мүмкүндүк берди. Мен бул жерде сандарды келтирбей эле коеюн, бирок элдин жаңы жылды тосууга беймарал даярданып жатканы өз убагында аткарылган жумуштардын натыйжасы.

— Сиздин оюңузча, өткөн жылда өлкө үчүн эң маанилүү нерсе эмне болду?

— Кыскача айтсам – “Кумтөр”, Кемпир-Абад жана өксүгү айыга элек Баткен окуясы.

— Ооба, “Кумтөр”, Кемпир-Абад жана Баткен жаңжалына байланыштуу маселелер эң талаштуу, эң резонанстуу жана актуалдуу болду. Аларга байланышкан коомдогу талаш-тартыштын аягы дагы да басаңдай элек…

— Демек, алардын өлкөбүздүн келечегине тийгизген таасирин бир түрдүү баалоого болбойт, ошол үчүн басаңдабай жатат. “Кумтөрдү” элге кайтарып берүү экономикалык эмес, руханий иш экенин айтуудан тажабайм. Бул Кыргызстандын жаңы тарыхын эки башка этапка бөлгөн сызык. Кумтөрдүн кайтарылышы – бул өтө символикалык акт. Бул элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да – өз коркуубузду, өз күчүбүзгө ишенбөөчүлүктү жеңүү. Анткени, көбү мындай татаал, жогорку технологиялуу өндүрүштү башкара албайсыңар деп, түз мааниде бизге өзүн кем сезүү комплексин таңуулашты. Эң негизгиси — коррупцияга катуу сокку болду. Анткени балык башынан сасыйт. Себеби Кумтөрдөн ижара акысын алган өлкө жетекчилиги коррупция менен күрөшө алмак эмес.

— Ошондо биздин өлкөдө коррупция жеңилдиби?

— Коррупцияны принципиалдуу түрдө жеңүү мүмкүн эмес. Себеби ал бийлик жана адамдын табиятына кеңири сиңип калган көйгөй. Аны толук жок кыла албасак да, деңгээлин мүмкүн болушунча азайтса болот. Ал үчүн бийлик башында турган адамдар таза болушу керек. Азыр биз мамлекетибизди акырындан ичинен жеп жаткан негизги залалдуу шишикти алып койдук, эми калган метастаздары менен күрөшүү жеңил.

— Коррупция демекчи, сиздин оппоненттериңиз сизди көп учурда коррупция менен айыпташат.

— Уинстон Черчиллдин жакшы сөзү бар: «Сен ар бир үрөгөн итке таш ыргытсаң, эч качан көздөгөн жериңе жетпейсиң». Анысыӊары, мага жасалган чабуулдарды карап отурганга убактым жок.

— Акылбек Үсөнбекович, «Кемпир-Абад» маселеси коомчулукту чындап дүрбөлөңгө салды. Өлкөнүн саясий элитасы эки лагерге бөлүндү: айрымдары бул келишимге кескин түрдө каршы чыгышса, башкалары өлкө жетекчилигинин чечимин колдошту.

— «Трагедия» деген сөздүн түпкү мааниси эмнени түшүндүрөөрүн билесизби? Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктардан баштап, табигый кырсыктарга чейин бул сөздү оңду-солду колдонуп көнүп калганбыз. Ошол эле учурда, мен бул сөз байыркы грек адабиятынын бир жанры катары, карама-каршы тараптардын баары өз чындыгын туура көргөн жагдайды чагылдырганын тээ илгери окугам. Бул жагынан алганда, албетте, “Кемпир-Абад” боюнча келишим маселеси чындап эле көйгөйлүү болду. Жөнөкөй себеп — эки тарап тең бир максатты – Кыргызстандын жыргалчылыгын көздөйт. Бул алардын чындыгы. Бирок бул чындыктардын ар биринин натыйжасы ар кандай болушу мүмкүн. Бул учурда өлкө жетекчилигинин чындыгы өлкө үчүн пайдалуу болсо, ага каршы чыккандардын чындыгы күтүүсүз жана терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эсептейм. Бирок мен бул эки полемикалуу тараптардан тышкары суу сактагыч маселесин өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылган үчүнчү тараптар болгонун баса белгилеп кетким келет. Алар үчүн “Кемпир-Абад” жөн гана шылтоо — бийликке келүү үчүн өлкөдөгү кырдаалды солгундатуу.

— Башкача айтканда, сиз суу сактагыч боюнча бийликтин чечими туура деп эсептейсиз?

— Албетте. Ал тактикалык жактан да, стратегиялык жактан да, тарыхый жактан да туура чечим. Көрөсүз го, убакыт баарын өз ордуна коет. Биз өзүбүздүн кызыкчылыктарбыздан баш тартпай мамлекетибизди бекемдөөдө абдан маанилүү кадам таштадык.

— Үчүнчүсү — Баткен?

— Баткен биздин кайгыбыз. Бир жагынан кайгы болсо, экинчи жагынан сыймык. Күчү толуп турганда курман болгон биздин жоокерлерибиз, жаштарыбыз, карапайым элибиз, балдарыбыз үчүн азап чексек, алардын эрдиги, туруктуулугу жана сабырдуулугу менен сыймыктанабыз. Бир муштум менен өлкө үчүн оор мезгилде тикесинен тик турган коомубуздун сыймыгы.

Баткен — ар кандай аскердик кагылышуулар сыяктуу эле эл, мамлекет үчүн чоң сыноо болду жана биз бул сыноодон татыктуу өттүк. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн мамлекет керектүү каражаттарды табууга жетишти, башкача айтканда, кандайдыр бир коопсуздукту түзө алдык. Мен муну өкмөттүн ишине баа берүүдөгү маанилүү жагдай деп эсептейм.

— Акылбек Үсөнбекович, сиз бардык президенттердин тушунда, ал тургай башка социалдык-экономикалык системада жетекчилик кызматтарда иштедиңиз.

— Мен сиздин сөзүңүздү бөлөйүн, анткени алдын ала эмне дээриңизди билип турам. Ооба, мен мурда иштегем жана көптөр муну менен мени күнөөлөөгөнгө чейин барышат, аны да билем.

Мен муну биздин саясий системада пайда болуп жаткан оң тенденция катары баалайм. Бир кезде жоголгон мамлекеттүүлүгүбүздүн салттарын эстей беребиз. Кадимки мамлекеттин же цивилизациянын ажырагыс атрибуттары болгон каада-салттар, улантуучулук жана институционалдуулук сыяктуу нерселер жөнүндө айтып жатам. Жөнөкөй мамлекеттик кызматкерди да окутуу үчүн жылдар керек экенин билесиңер. Демек, көп жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеген кадрларды жоготуу өлкөгө чоң зыян алып келүүдө.

Көп кылымдык мамлекеттүүлүк тарыхы бар өнүккөн өлкөлөрдө бул көйгөй жаратпайт. Жетекчиликтин алмашышы менен тиешелүү квалификацияга жана тажрыйбага жараша чиновниктердин аппараты өзгөрүүсүз калат. Бул жагынан алганда мамлекеттик кызматкер менен саясатчынын айырмасын так ажыратыш керек. Саясатчы келип кетет, чиновник калат.

— Ошондо сиз саясатчысызбы же чиновниксизби?

— Чыныгы саясатчы жана чиновниктин сапаттарын айкалыштырган адамдар бар. Мен ошол категориянын бири болсом керек. Турмуштук кырдаалга жараша мен же саясатчымын, же чиновникмин.

— Демек, сиз каалаган убакта, каалаган бийлик менен иштөөгө даярсызбы?

— «Мезгилдерди тандабайт, алардын ичинде жашайт жана өлөт» деген сөз бар экенин билесиз. Жигердүү адам, өзгөчө саясатчы жагымдуу учурду күтпөйт, андай убакыт эч качан келбеши мүмкүн, адам жакшы президент, жаман президент ж.б.у.с. категориялар менен гана ойлонбойт. Тарыхтын кыймылы, өзгөчө сиз жашаган өлкө үчүн токтобойт. Шартка карабай бир нерсе кылыш керек, иштеш керек. Өлкө үчүн бир нерсе кылууга аракет кылыш керек. Ал эми тарых баарын таразалайт, өз ордуна коёт.

Бирок саясий процесстин экинчи тарабын да эстен чыгарбоо керек.

Баардык нерсе адамдан гана көз каранды эмес. Бул жагынан президентибизге ыраазычылык билдирем. Садыр Нургожоевич ар кандай саясий жек көрүүчүлүктөн, чынын айтканда коомубузга мүнөздүү болгон трайбализмден алыс адам болуп чыкты. Мисалы, фамилиябыз эле окшош болбосо, башка окшоштугубуз жок. Башка регион, башка партияларда жүргөнүбүзгө карабай, мага ишенип ал үчүн жана өлкө үчүн маанилүү болгон “Кумтөр” маселесин чечүүнү, кийин өкмөттү жетектөөнү президент мага тапшырды.

Бул чыныгы мамлекеттик кадам – адамды эмес, функцияны кароо.

— Акылбек Үсөнбекович, жогоруда айтылгандардын контекстинде сиз кандай гана оппоненттер болбосун иштешүүгө даярсыз?

— Билесизби, саясат чөйрөсүндө түбөлүк душмандар жана түбөлүк достор болбойт. Эмоциялар, жактыруулар, жактырбоо — саясатка байланыштуу эмес. Чоң саясат өлкөнүн абалын, анын бүгүнкүсүн жана келечегин, гүлдөп-өнүгүшүн же өнүкпөшүн аныктайт, ошондуктан саясатчы өзүнүн ишинде, иш-аракетинде, өлкөнүн алдында турган жогорку максаттардан башташ керек. Ал эми бул жерде адамдардын жеке жашоосунда, инсандар менен мамилелериндеги этикалык категориялар иштебей, көп учурда тескерисинче зыян келтирет. Макиавелли муну 16-кылымда майда-чүйдөсүнө чейин баяндап, биздин ата-бабаларыбыз болсо анын бүт китебин бир жазууга чегип, калтырган — «Ташта тамыр жок, ханда боор жок».

— Демек, сиз саясатта адамдык мамилеге ишенбейсизби?

— Мен ишенем. Бирок, сиз “Чымындардын падышасы”, деген чыгарманы окудуңуз беле?

Ээн аралда калган балдар жөнүндө. Адамзат коомунун табиятын, бийликтин табиятын түшүнүп баштоо үчүн бул китепти окууну сунуштайм. Адамдын табияты абдан жакшы сүрөттөлгөн. Ар бирибизде кандай туңгуюктар катылган жана алар кандай жагымдуу шарттарда өзүн көрсөтө алат. Ошондуктан, алар пайда болбошу үчүн жөн гана тосмолорду куруу керек.

— Сизде дагы барбы?

— Маркс мындай деп жооп берген — Мага адамдык эч нерсе жат эмес.

— Анда адамзат жөнүндө, сизге бул дүйнөдө эмне жагат?

— Мен иштегенди, көйгөйлөрдү чечкенди жакшы көрөм, неберелеримди жана акылдуу адамдар менен сүйлөшүү жагат. Курч сөздөрдү жана оригиналдуу идеяларды баалайм.

— Окурмандарыбызга жаңы жылда эмне каалайт элеңиз?

— Ден соолук, сабырдуулук жана бакубатчылык! Калгандын баары туунду нерселер.

— Маңыздуу маегиңиз үчүн рахмат.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Количество просмотров: 280