• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Кумтөр» кенинде 2018-жылдын экинчи жана үчүнчү кварталында кен өндүрүүнүн жогорулашы күтүлүүдө

20 Аяк оона 2018 10:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.09.2018.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын президенти Дэниел Дежарден менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Кумтөр» кенинин 2018-жылдын соңуна чейинки пландык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү маселесин талкуулады.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, 2017-жылы «Кумтөр» кенинде17,5 тонна алтын өндүрүлгөн, ал эми үстүбүздөгү 2018-жылга карата 15 тоннага жакын алтын өндүрүү пландаштырылган.

«2018-жылдын аягына карай 2017-жылга салыштырмалуу 2,5 тоннага жакын айырмачылык түзүлөт, бул Кумтөр кенинин, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин финансы-экономикалык абалына өз таасирин тийгизет. Буга катар 2018-жылдын экинчи кварталында пландаштырылган көлөмдөн 16 %га аз алтын өндүрүлгөн», — деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Өз кезегинде компаниянын президенти Дэниел Дежарден «Кумтөр» кенинин 2018-жылга чейинки өндүрүштүк көрсөткүчтөрү тууралуу маалымдап, кен казуу боюнча план пландаштырылган убактысына карата эки ай алдыга аткарылганын билдирди.

«Бул алтын казуу фабрикасында алтын өндүрүүнүн пландык көрсөткүчтөрүн үчүнчү жана төртүнчү кварталда көбөйтүүнү шарттайт. 2018-жылга карата «Кумтөр Голд Компани» компаниясы тарабынан 14,9 тонна деңгээлинде алтын өндүрүү пландаштырылган. Бирок 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алтын өндүрүү мерчемделгенден жогору болот», — деп билдирди Дэниел Дежарден.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө белгилегендей, «Кумтөр» кенинде жүргүзүлүп жаткан иштер экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо менен аткарылууга тийиш.

Количество просмотров: 23