• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кумтөр кенинде жоголгон кызматкерлердин аты аталды

2 Бештин айы 2019 11:21 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кумтөр кениндеги окуя, анын кесепетинен ишкананын эки кызматкери дайынсыз жоголгону тууралуу билдирүүлөр өз учурунда маалымдалып турду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы дароо зарыл болгон тапшырмаларды берип, ага ылайык, кенге бардык тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери кеткен.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөрдүн жоголду делген кызматкерлерин издөө үчүн бардык күчтөрдү мобилизациялоону, зарыл болсо издөөгө катышкандардын санын көбөйтүү жана окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды.

Алдын​ ала маалыматтар боюнча, 2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган.​ Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген.​ ​

Өндүрүштөгү зарылчылыкка байланыштуу токтоосуз эвакуациялоо тууралуу сигнал түшкөндөн кийин коопсуз аймакка алып чыгуу максатында тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков Форд пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаа менен көтөрүлүп, бульдозердин машинисти Ж. Жунушовду алып чыгышы мүмкүн. Бирок тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн эвакуацияланган кызматкерлери чогулган жерде тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О. Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж. Жунушов жок болуп чыккан, алар рацияга да жооп берген эмес.

Жыйынтыгында кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтулган. Учурда тоо кен бөлүмүнүн мастери О. Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж. Жунушов дайынсыз деп эсептелүүдө.

Окуя тууралуу дайынсыз болгон кызматкерлердин жакын туугандарына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына жана укук коргоо органдарына өз убагында маалымдалган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, учурда жогоруда аты аталган жарандарды издеп табуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. КР ӨКМ куткаруучулары КГК ЖЧКсынын авариялык-куткаруу командасынын мүчөлөрү жана тоо-транспорттук жабдуулары менен биргеликте издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Окуя боюнча териштирүү башталып, кендин үйүлүп турган жараксыз катмарынын жылышынын себептери тиешелүү адистер тарабынан иликтенип жатат.

Издөө-куткаруу иштерине КР ӨКМдин 26 куткаруучусу, аны менен бирге куткаруучу иттер, КГК ЖЧКсынын авариялык-куткаруу командасынын 12 мүчөсү тартылган. Ошондой эле издөө үчүн бардык зарыл техника тартылды.

Бул кырдаалдын себептерин аныктоо тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзүлөт.

Окуядан кийин кенде өндүрүштүк процесс толук бойдон токтотулган.

Кендин үйүлгөн жараксыз катмары жылышып кеткен участок кендин негизги өндүрүш объекттерине коркунуч туудурбайт жана борбордук карьерден, калдыктарды сактоочу жайдан жана Петров көлүнөн коопсуз аралыкта жайгашкан.

Бош породалар болгон кендин үйүлгөн жараксыз катмарында эч кандай зыяндуу заттар жок жана курчап турган чөйрөгө коркунуч жаратпайт.

Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча,​компетенттүү органдардын жетекчилери издөө-куткаруу иштерин координациялап жатышат.

Маалымдама: Кендин иштетүүгө жараксыз катмары (отвал — металлургияда) – жер бетинде бош породалардын жайгашуусу.

Количество просмотров: 134