• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кумтөр компаниясына тышкы башкаруучу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалды

18 Бугу 2021 21:25 Бишкек Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кумтөр кенинин жамааты менен жолугушту, анда ал жамаатка «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. 

Ошондой эле Улукбек Марипов кен кызматкерлеринин социалдык төлөмдөрдүн сакталышы, эмгек акы, ишкананын келечеги тууралуу суроолоруна жооп берди. 

«Кен өз ишин токтотпойт жана ишин штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп болбошу керек. Биздин негизги максат – карапайым жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ачык-айкын жана таза ишибиз аркылуу гана биз ага жетише алабыз», — деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысы.

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы боюнча дайындалган.
Количество просмотров: 816