• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Кумтөр»: Кыргызстан сотто утулуп калса жоопкерчилик президентте жана министрлер кабинетинде болот

17 Бугу 2021 16:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Кумтөр боюнча соттошууларда утулуп калса жоопкерчилик президентте жана министрлер кабинетинде болот. Бул тууралуу 17-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Алтынбек Сулаймановдун “Жоопкерчилик кимде болот? Ким жооп берет? Комиссия, парламент, өкмөт, президент же баарыбызбы? Тескери кетип калышы мүмкүн да” деген суроосуна жооп берип жатып Жапаров “Азыркы иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлигинин башында президент турат. Демек, президент, анан министрлер кабинети жооп берет буга” деп билдирди.

“Аткаруу бийлигинин башында болгондон кийин бардык милдетти, жоопкерчиликти өзүмө алам деп жатат. Биз колубуздан келсе аракет кылып, жардам берели деп жатабыз. Министрлер кабинетинин башчысы жооп бериши керек, ошо соттошот да”, — деди ал.

Жогорку Кеңеште бүгүн Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын баяндамасы угулуп, депутаттар өз суроолорун беришүүдө.

Количество просмотров: 181