Чет элдик компания менен Кумтөр маселеси 15-мартка чейин чечилип бүтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
«Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгайын деп калды. 15-мартка чейин тынчтык жолу менен ажырашууну макулдаштык. Жакында президент Садыр Жапаров толук маалымат берет», — деди Жапаров.
Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.