• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кумтөр «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингине 1,9 миллион доллар короткон

3 Бирдин айы 2023 13:46 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейинки ишмердигинин аудиттик отчету чыкты.

Эсеп палатасы бул отчетту расмий интернет баракчасына жарыялады.

Анда 2022-жылдын январь айынан июнь айына чейин «Кумтөр» компаниясы «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоого 1,9 млн. доллар короткону аныкталган.

Бул каражаттын басымдуу бөлүгү — 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар, келишимдик негизде иштегендерге 175,8 миң доллар төлөнгөн.

Мындан тышкары «Кумтөр» компаниясы 32 долбоорду ишке ашырууга каражат бөлгөн. Алардын катарында «Аврора» санаторийин жаңылоо, бөтөлкөгө куюлган суу чыгаруу, Каракол аэропортун жаңылоо, «Каприз» тоо лыжа мейманканасын жаңылоо, беш жылдыздуу жаңы мейманкана куруу, мрамор чыгаруучу завод куруу, Караколдогу ипподромду жаңылоо сыяктуу бир нече долбоор бар.

Эсеп палатасы «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингин каржылоого байланыштуу чечимдердин бардыгын Тенгиз Бөлтүрүк кабыл алганын, долбоорлор ишке ашпай калгандыктан Кумтөрдүн жалгыз акционери болгон «Кыргызалтын» чыгымга учураганын белгилеген.

«»Кумтөр» компаниясынын эсебинен «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук компаниясы түзүлгөндөн тартып каржыланганы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Уставынын 2-беренеси, 1-пунктуна дал келбейт. «Кумтөр» компаниясынын башкы максаты өз ишмердигинен максималдуу киреше табуу, тактап айтканда, геологиялык чалгындоолор, кен чыккан жерлердин техника-экономикалык баалоосу, кен казуу, маркетинг жана алтын сатуу болуп саналат», — деп белгиленген отчетто.

Эсеп палатасы Министрлер кабинетине аудиттик текшерүүнүн негизинде бир нече сунуштарды жолдогон.

Алар: «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоону токтотуу, анын 2021-22-жылдардагы чыгымдары менен каржылоосун салыштыруу, Кумтөр компаниясынын эсебинен «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингине корогон 1,9 млн. доллар өлчөмүндө каражаттын ордун толуктоо боюнча чара көрүү, «Кыргызалтын» ишканасы менен бирге «Улуу көчмөндөр мурасы» холдинги демилгелеген долбоорлорду улантуу же токтотуу маселесин карап чыгуу.

Тенгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрда камалган жана Башкы прокуратура ага «Кумтөрдөгү» коррупцияга байланыштуу айып тагып, мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.

Президент Садыр Жапаров «Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингин 2021-жылдын аягында түзгөн. Холдингдин башына Тенгиз Бөлтүрүк дайындалып, бирок ал бир жылга жетпей камакка алынган.

Количество просмотров: 62