«Кумтөр» компаниясынын кызматкери оор техника башкарып иштеп жаткан учурда кырсыктагандыгы тууралуу айтылууда. Бул жөнүндө жергиликтүү бийликтеги маалымат булагы кабарлады.
Анын айтымына караганда, окуя 15-февралда болгон.
Дагы башка маалымат булагынын билдиргенине караганда, ал экскаватор менен иштеп жатканда мөңгүдөн жылып кетип, Петров көлүнө кулаган. Анткен менен экскаватордогу жумушчу туурасында так кабар жок.
«Кумтор Голд Компани» ишканасынын маалымат кызматынан бул боюнча комментарийди расмий түрдө беришерин айтышты.
Оор техниканын көлдүн ичине түшүп кетип, компания кызматкери жок болуп жаткандыгын ӨКМдин жетекчисинин орун басары Калыс Ахматов тастыктады.
«Анын каза болгону же тирүү калганы туурасында айта албайбыз. Бирок табылбай жатканы чын. «Кумтөрдүн» куткаруучулары менен кызматкерлери аны издеп жатышат. Биздин суучулдар кенге түндө чыгып кетет», — деди ал.
Булак: Спутник.кж