• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кумтөрдө жер көчкөндөн соң кызматкерлер эвакуацияланып, иш токтоду

2 Бештин айы 2019 10:43 Бишкек Govori.TV

1-декабрда саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз болууда. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясынын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматта ушу тапта эң орчундуу маселе жоголгон адамдарды табуу экени айтылат. Издөө иштери учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен чогуу аткарылууда.

«Жер көчкөндөн кийин эле компания дароо кызматкерлерди эвакуациялоону баштап, иштин баарын токтотту. Ошол замат тиешелүү органдар, эки жумушчунун үй-бүлөсү кабардар болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, ошол эле күнү кечинде окуя боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үн катып, дайынсыз болуп жаткан эки кишини издөөгө бардык күч аракетти жумшоону тапшырган.

Количество просмотров: 32