КСДП саясий партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева таң эртеден бери ИИМдин тергөө кызматында суракта отуганын жана аны бүгүн 48 саатка кармап калуусу ыктымал экенин, анын кесиптештери жазып чыгышты.
Алардын айтымында Жолдубаева сурактан чыга элек болгондуктан анын кызын балдар бакчасынан алуу үчүн кесиптештери бара жатышкан.
Эске салсак, Кундуз Жолдубаева Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул жасалган Кой-Таш айылындагы 7-8-августтардагы башаламандык боюнча күбө катары сурак берүүдө.