• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кундуз Жолдубаева үй камагына алынды

28 Бештин айы 2019 0:43 Бишкек Govori.TV

Кундуз Жолдубаева үй камагында болот. Чечимди Биринчи Май райондун соту түнкү саат 00:40 кабыл алды.

Мээрбек Мискенбаев 9-февралга чейин камакка алынды. Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина үй камагына алынышты.

Эскерте кетсек, бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карады. Жолдубаеваны тарапташтары жана журналисттер колдогону келишкен. Биринчи Май райондун сотунун алдында беш жашар кызы да апасын күтүп турат. Канча саат суукта турганы жөнүндө маалымат жок, бирок тарапташтары 4 сааттан ашык соттун чечимин күтүп жаткандыгын айтышты.

Видеодо кызы жөтөлүп турат, бирок аны үйгө алып кетчү туугандары жок, анткени апасы менен жалгыз жашаганы тууралуу тарапташтары билдиришти.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин тарапташы камакка алынышы мүмкүн. Жолдубаева жалгыз беш жашар кызын тарбиялап келет.

Жолдубаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясын штурмга алуу учурунда анын жанында болгон.

Количество просмотров: 413