• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Курал-жарак, ок-дары алып жүргөн «Жони» кылтакка түштү

14 Тогуздун айы 202417:01 Бишкек Govori.TV

Курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз саткан шектүү кармалгандыгын Бишкек ШИИБи билдирди.

Шаардын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлерине уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, анда курал-жарак, ок-дары бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт тиешелүү жерге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

«Бандит» рейдинин учурунда Чүй проспекти менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинен «Тойота Камри 70» машинасы токтотулган. Анын ичинде 1995-жылы туулган, ылакап аты «Жони», өз аты Т.Ж. аттуу жаран болгон. Ал мурда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунда болгон, оор кылмышы үчүн мурда соттолгон.

Анын машинасынан ок атуучу курал, эки граната, 5,45 калибрдеги 30 ок, 9 мм калибрдеги 2 ок, 2 бычак жана 6 чөнтөк телефон табьлган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (мыйзамсыз курал-жарак, ок-дарыларды алып жүрүү, сатуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 335