• Ишенби 13 Кулжа 2026
  • Суббота 13 Июнь 2026

Курама айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы кармалды

18 Жалган куран 202314:52 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Панфилов районунун Курама айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы Ж.Р.Б. кечээ, 17-мартта А.С.Г. аттуу жергиликтүү тургундан аны административдик жоопкерчиликке тарттырбоо үчүн 15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Учурда кармалган жаран УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 731