• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Курман айт намазына тапанча менен келген жаран кармалды

28 Кулжа 2023 16:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июнда Бишкекте 33 жаштагы жаран эски аянттагы Курман айт намазына травматикалык тапанча көтөрүп келген. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эски аянтка текшерип өткөрүү үчүн орнотулган көзөмөл өткөрмө пункттардын биринде 33 жаштагы Э.А. аттуу жарандан газ-травматикалык тапанча табылган, ал чечим кабыл алуу үчүн Биринчи май райондук милициясынын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факт Биринчи май райондук милициясында каттоого алынган.

Аталган жарандын тапанчаны сактоого гана уруксаты болгон

Количество просмотров: 121