Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө кармалган адам сабалган. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.
Улуттук борбордун кызматкерлери кыйноо фактысын 18-сентябрда ИИБнын N53 мекемесине барганда аныкташкан.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 15-сентябрда Е.С. аттуу жаранды Ала-Бука РИИБнин имаратынан милиция кызматкерлери сабашкан.
Кыйноонун алдын алуу борборунун кызматкерлери зордук-зомбулук, кыйноо жана катаал мамиле боюнча медициналык экспертизанын формасын түзүштү. Топтолгон материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.