• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Курман болгон чек арачы Равшан Муминов «Эрдик» медалы менен сыйланды

23 Бештин айы 201916:30 Бишкек Govori.TV

Быйыл сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта курман болгон чек арачы Равшан Муминов «Эрдик» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Муминовдун жубайы Мухайе Муминованы кабыл алган. Анда президент Муминовага көңүл айтып, Равшан Муминов Мекен чегин коргоо учурунда өз өмүрүн берип, баатырдык кылганын белгилеген. Аны менен бирге аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн Равшан Муминов «Эрдик» медалы менен сыйланганын билдирген.

Мамлекеттик сыйлык аскер кызматкеринин жубайы Мухайе Муминовага тапшырылган.

Белгилей кетсек, быйыл 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон.

Чек арадагы чатактын жыйынтыгында бир нече адам жараат алып, «Бөрү» атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов курман болгон.

Количество просмотров: 49