Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.
Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов Аскер прокуратурасынын сурагына чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.
Маалыматка караганда, учурда генерал-майор тергөөчүнүн жанында. Аны милициянын кызыкчылыгын сатты жана маалыматтарды Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына берип турган деген иш боюнча суракка чакырышкан.
Эске салсак, кечээ премьер-министрдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду.