• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Курсан Асанов Аскер прокуратурасында сурак берип жатат

27 Баш оона 201919:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.09.2019.Govori.TV.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Аскер прокуратурасында сурак берип жатат. Бул тууралуу Govori.TVга анын жактоочусу билдирди.

«Курсан Асанов саат 14:00дө кирген бойдон чыга элек. Сурактан соң ал сотко алынып келинүүсү мүмкүн»,-деди ал.

Эске салсак, Курсан Асанов 13-августта кызматтан алынган эле. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишенимден кеткени аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Ошондон кийин Аскер прокуратурасы Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш ишин козгоп, үйүн тинтүүгө алган.

Количество просмотров: 25