• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Курсан Асанов камактан чыкты

3 Бирдин айы 202217:22 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, чечим 3-февралда Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынган.

Эске салсак, Курсан Асанов 2021-жылы 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга шектелип, Жазык кодексинин 309-беренесинин негизинде кармалган. Ага чейин 2020-жылдагы октябрь окуялары боюнча эки жолу кармалып, эки жолу үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 1861