Бүгүн Курсан Асанов маалымат жыйын берип, журналисттердин суроосуна жооп берүүдө. Анда Асановго «учурда Кашкар Жунушалиев кайда?» деген суроо узатылды.
«Ал эч кандай арыз жазган жок. Ал жөн гана жок болуп кетти. Ал качып кеткен. Мен анын азыр кайда экенин билбейм. Митингдин башталышында качып кеткен. Ал эми анын орун басарлары иштеп жатышат», — деп жооп берди Асанов.
Белгилей кетсек, Курсан Асанов учурда Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп жатат.