• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Курсан Асановдун айдоочусу №1 тергөө абагына камалды

26 Баш оона 201911:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.08.2019.Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишинин алкагында кармалган министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-августта ушундай чечим чыгарганын күч органдары кабарлашты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу суракка чакырылганын айткан эле.

Пайзылда уулу Дамирбек — министрликтин атайын багыттагы полкунун кызматкери. Айрым расмий эмес маалыматтарга караганда, ал Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. 23-августта анын колуна «Кылмыштын катышуучуларынын түрлөрү» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер боюнча шектүү экени тууралуу маалымдама тапшырылган.

Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Количество просмотров: 12