• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум жылдырылды

18 Аяк оона 2020 17:16 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө эки күбө суралды. Башка күбөлөр келбегендиктен отурум жылдырылды. Кийинки соттук отурум 22-сентябрга белгиленди.

Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кылмыш жасоону уюштуруу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу”, “Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу”, “Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк”, “Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жок кылган деп айыпталууда. Ошондой эле Асанов “мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти” деген жүйө менен 2019-жылдын август айында кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

Количество просмотров: 94