• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Курсан Асановдун издөөгө алынган уулунун дайыны айтылды

29 Баш оона 201921:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун издөөгө алынган уулу Мухаммед-Али Асанов Москвадагы жогорку окуу жайлардын бирине магистратура даражасын окуу үчүн тапшырган. Сентябрда ал программа боюнча окуусун баштоо керек.
Ал эми июль айында Мухаммед-Али Асанов негизги тест менен англис тилин ийгиликтүү тапшырганы жана кабыл алынганы Москванын мамлекеттик инстиутунун сайтына жарыяланган.
Мындан тышкары, Мухаммед-Али Асанов 2014-жылы Бишкек шаарындагы белгилүү «Илим» орто мектебин аяктап, өзүнүн окуусун Кошмо Штаттарда уланткан. Ал эми өткөн жылы 21 жаштагы жигит джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирде алтын медалга ээ болгон.

Эске салсак, бүгүн, 29-августта Башкы прокуратура Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жардам берген деген шек менен уулу Мухаммед-Алиге издөө жарыялаган.

Количество просмотров: 13