• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Курсан Асановдун үйүн тинтүүгө алышты

15 Баш оона 20199:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.08.2019.Govori.TV.

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун үйүн тинтүүгө алышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирген.

«Мен Аскер прокуратурасындагы суракка катыштым. Ошондой эле Курсан Асановдун үйүн тинтип жатышканда жанында болдум. ИИМдин кызматтык иликтөөсүнүн корутундусу менен тааныштым. Курсан Асановду корутунду менен тааныштырышкан эмес. Кызматтык иликтөөнү жүргүзүп, корутундуну шашып чыгарышты», -деди жактоочу.

Количество просмотров: 14