• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Курсан Асановдун ордун баскан Памирбек Асанов ким эле, ким болду…

16 Баш оона 201910:58 Бишкек Govori.TV

  Бишкек.16.08.2019. Govori.TV

Милициянын полковниги Асанов Памирбек Жумалиевич 1964-жылы Чүй облусунун Жайыл районундагы Полтавка айылында туулган. Жогорку билимдүү: Кесиби юрист. 1990-жылы СССРдин ИИМдин Волгоград Жогорку тергөө мектебин аяктаган.

Эмгек жолу:

-1982-1985-жылдары Мурманск облусунун Североморск шаарындагы Аскердик деңиз флотунда кызматта, бөлүмдүн командири;

— 1986-1990-жылдары СССРдин ИИМдин Жогорку тергөө мектебинин курсанты;

— 1990-1991-жылдары Кара-Балта шаардык ички иштер бөлүмүндөгү тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

— 1992-жылы Чүй облусунун Калинин районунун ички иштер бөлүмүндөгү тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

— 1992-1993-жылдары ИИМдин Тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

— 1993-жылы ИИМдин Тергөө башкармалыгынын экономика жана коррупция чөйрөсүндөгү кылмыштарды изилдөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;

— 1993-1994-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары;

— 1994-1995-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси;

— 1995-1997-жылы Чүй облусунун Жайыл РИИБдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;

— 1997-1998-жылдары Чүй ОИИБдин экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси;

— 1998-1999-жылдары Чүй ОИИБдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын өзгөчө маанилүү иштери боюнча ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;

— 1999-2000-жылдары Чүй ОИИБдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;

— 2000-жылы Чүй ОИИБдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;

— 2000-2003-жылдары Чүй районунун Сокулук РИИБдин башчысынын иликтөө боюнча орун басары;

— 2003-2005-жылдары Бишкек ШИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысы;

— 2005-2005-жылдары Бишкек ШИИБдин тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, жетекчи;

— 2005-2008-жылдары Чүй ОИИБдин тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, жетекчи;

— 2008-жылы Чүй ОИИБдин жетекчисинин тергөө иштери боюнча орун басары;

— 2008-2010-жылдары Ош ШИИБдин жетекчисинин тергөө иштери боюнча орун басары;

— 2010-2011-жылдары Ош ШИИБдин жетекчиси;

— 2011-2016-жылдары Бишкек ШИИБдин тергөө башкармалыгынын жетекчисинин тергөө иштери боюнча орун басары, жетекчи;

— 2016-2017-жылдары Бишкек ШИИБдин тергөө башкармалыгынын жетекчисинин тергөө иштери боюнча орун басары, жетекчи (Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2016-жылдын 20-июнундагы чечими менен кайра кызмат ордуна келген);

— 2017-2018-жылдары Бишкек ШИИБдин жетекчилигинин буйругу менен (штаттагы кыскаруу жана кайра уюштурууга байланыштуу);

— 2018-2019-жылдары ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы (башкы башкармалыктын деңгээлинде);

— Ички иштер министринин орун басары болуп 2019-жылдын 13-августунда дайындалды.

Количество просмотров: 17