• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Курсан Асановдун соту жактоочу алмашканына байланыштуу болгон жок

8 Аяк оона 2020 18:16 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум айыпталуучунун жактоочусу алмашканына байланыштуу отурум болгон жок. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кийинки соттук отурум 18-сентябрга белгиленди. Асановдун жактоочуларынын бири Таалайкүл Токтакунова парламенттик шайлоодо партиянын өкүлү катары иштеп жаткандыктан бир ай сотко катыша албай турганын, ордуна башка адвокат иштей турганын Govori.TVга билдирди.

«Учурда Курсан Сатаровичтин соттук ишине катышпай элмин, башка жактоочу иш алып барууда»,-деди Токтакунова.

Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кылмыш жасоону уюштуруу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу”, “Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу”, “Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк”, “Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жок кылган деп айыпталууда. Ошондой эле Асанов “мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти” деген жүйө менен 2019-жылдын август айында кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

Количество просмотров: 121