• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Курсан Асановдун соту жылды

11 Бештин айы 2020 17:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 11-декабрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жана башка айыпталуучулар — Турсунбек Бейшенбеков менен Дамир Пайзилда уулуна байланыштуу кылмыш ишин карады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу соттук отурум 29-декабрь күнү саат 15:00гө жылдырылган.

Белгилей кетсек, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата үч кылмыш иши козголгон. Бул үч ишти бириктирип Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган Курсан Асанов 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында келаткан. Асанов кийин, 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилип, 4-ноябрда кайрадан үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 124