• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Курсан Асановдун жубайынын айыпталышы. Жактоочунун жообу

8 Үчтүн айы 2021 23:06 Бишкек Govori.TV

 Президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы алдамчылыкка шектелиши боюнча  талапкердин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

«Биринчиден, ал (Күлнара Үсөнканова — ред.) бүгүнкү күндө шектүү деп таанылган эмес. Экинчиден, Кой-Таш окуясынан кийин укук коргоо органдарына тынбай каттап жатат. Ага эмне деген гана күнөөлөрдү коюуга аракет кылышкан жок, «Бастилияны басып алды» деп айыптоо гана калды. Жубайы эле эмес, жалгыз уулу да атасынын ишмердүүлүгү үчүн түйшүк тартууда», — деди Токтакунова.

Белгилей кетсек, УКМК  маалымат таратып, президенттикке талапкерлердин биринин аялы У.К. чет элдик жаранды 5 миллион долларга алдап кеткени кабарланган. Ал каражатты 2017-2018-жылдары А.О. аттуу аялдан чогуу бизнес кылабыз деп алып кайтарбай койгону айтылган.
Кийинчерээк айрым ЖМКлар алдамчылыкка шектелген аял Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова экенин жазган.

Количество просмотров: 248