• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Асановго дагы бир айып тагылды

21 Үчтүн айы 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир айып тагылды. Мындай маалыматты күч органдарындагы жеке булактарына таянып 24.kg сайты жазды.

Такталгандай, Аскер прокуратурасы Асановго кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылганын маалымдаган.

— Алдын ала маалыматта вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматына кармалганы боюнча жазган түшүнүк катты Курсан Асанов журналисттерге берген деп шектелет. Документ өзгөчө сыр болгондуктан, анда ага атайын гриф коюлган. Курсан Асанов айрым маалыматтар боюнча түшүнүк катты «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековго берген. Редактор аны гезитке жарыялаган. Ушундан улам, журналист азыр кылмыш жоопкерчилигине тартылууда, — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Курсан Асановго козголгон кылмыш иштин алкагында “Чындык” гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков бүгүн камакка алынды.

Редактор өзү Курсан Асанов менен эч кандай жакын тааныштыгы жок экенин айтат.

Количество просмотров: 196