• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Свердлов райондук сотунун судьясы УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

23 Тогуздун айы 2023 12:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча көрүлгөн пландык иштердин жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. ири өлчөмдө пара алгандыгы үчүн УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мурда маалым болгондой, 2023-жылдын 27-сентябрында ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. камакка алынган.

Ошол эле учурда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. көрсөтүлгөн жашы жете элек баланын жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, ошондой эле жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны берүү үчүн пара алган фактысы аныкталган.

Кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардан акча каражаттарын алуу боюнча белгиленген коррупциялык схеманын далилдөө базасын бекемдөө максатында бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында, 2023-жылдын 20-октябрында КР Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А., ошондой эле адвокат Ы.К.М. камакка алынды.

Учурда сот тутумунун арасында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 110