6-июль күнү Бишкектеги Комсомол көлмөсү официалдуу ачылуу аземи болуп өттү. Андагы эс алуучу жарандарга сууга түшүүнүн эрежелери боюнча ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан нускамалар өткөрүлүп жаткан учурда бир жаран сууга чөгүп кетип Свердлов районунун куткаруучулары тарабынан куткарылды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, жаранга тез жардам кызматына чейинки алгачкы жардам көрсөтүлүп, тез жардамга өткөрүлүп берилди.