Балык уулоого чыгып, сууга агып кетен Махмут Сусузовдун сөөгү бүгүн Көкөмерен дарыясынан табылды. Ал 21-июль күнү эртең менен Суусамырга балык уулоого чыгып, тоо дарыясына агып кеткен. Туугандарынын айтымында, окуя саат 13:00дө Суусамыр менен Батыш Каракол сууларынын кошулган жеринен ылдыйраак жерде болгон.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, ыктыярчылар, суучулдар жана дрон операторлору тартылган.