• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Кутурмага кабылган ит 15 кишини тиштеп салган

2 Аяк оона 201917:13 Бишкек Govori.TV

Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы кутурмага кабылган ит 15 кишини, анын ичинде милиция кызматкерин тиштеп салганын кабарлады.

28-августта социалдык түйүндөрдө эки машина жолдогу итти тебелетүүгө аракет жасаган учуру тартылган видео тараган. Бул колдонуучулардын нааразылыгын жараткан.

Бирок Самарканд облустук ички иштер башкармалыгы Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борборуна таянуу менен ал кутурган ит экенин билдирген.

Ит тиштеген 15 киши ооруканага жаткырылган. Аларга кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлгөн.

Иттин сөөгү ветеринария башкармалыгынын вирустук лабораториясына жөнөтүлдү.

Кутурма коркунучтуу, жугуштуу илдеттердин катарына кирет. Оору жаныбарлардан кишиге шилекей аркылуу жугат.

Количество просмотров: 278